АСПАРАГИН КИСЛОТАСЫ
Jump to navigation
Jump to search
АСПАРАГИН КИСЛОТАСЫ-- HOOCCH2CH(NH2)COOH ‒ түссүз кристалл, мол. м. 133,1; б. эрүү t 300 °C, сууда начар эрийт, орг. эриткичтерде эрибейт. А. к. организмде кайра аминдөөдө, мочевина, пиримидин негиздеринин биосинтезинде чоӊ мааниге ээ. Көпчүлүк организмдерде эркин түрүндө жана белок курамында кездешет. Анын анализи жана бөлүп алуу жолдору Са жана Ва туздарынын эрибестигине негизделген. Ал пептиддерди синтездөөдө, башка амин к-талар менен бирге тамак-ашта колдонулат.