АБСОРБЦИЯЛЫК СПЕКТРОСКОПИЯ
13:10, 27 Июль (Теке) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) (Temirkan moved page АБСОРБЦИЯЛЫК СПЕКТРОСКОПЙЯ to АБСОРБЦИЯЛЫК СПЕКТРОСКОПИЯ) тарабынан жасалган версия
АБСОРБЦИЯЛЫК СПЕКТРОСКОПИЯ – ар түрдүү агрегаттык абалдагы заттардын атомдорунун жана молекулаларынын электрмагниттик нурду сиңирүү спектрлерин изилдөө методу. Жарык булагынын интенсивдүүлүгү изилденүүчү чөйрөдөн, о. эле заттардын ички энергиясы ар түрдүү формага өткөндө азаят. Заттын жарык сиңирүү жөндөмдүүлүгү негизинен атомдун жана молекуланын электрондук түзүлүшүнө, о. эле түшкөн жарыктын толкун узундугуна, уюлдануусуна, чөйрөнүн калыңдыгына, заттын концент-сына, темп-расына, электр жана магнит талааларына көз каранды. Заттардын сиңирүү жөндөмдүүлүгүн өлчөө үчүн спектрофотометр колдонулат. Сиңирүүнүн спектри, түрдүү заттын атом жана молекуларынын табияты агрегаттык абалы менен аныкталат.