АБРАМОВ МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБРАМОВ МӨҢГҮСҮ – Алай кырка тоосунун түштүк капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Көк-Суунун алабында. Уз. 9,0 км, туурасы 500–1000 м, аянты 22,8 км2 . Абляциясынын аянты 6,9 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4960 м, этеги 3670 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4150 м. Куралуу облусу (14,6 км2) желпүүр сымал жайгашкан көп салаалуу жазы төрдү элестетет. Эл аралык программа боюнча мурдагы СССРдин аймагындагы 1-даражадагы байкоолор жүргүзүлө турган мөңгүлөрдүн катарында болгон. 1972-жылы жана 1985-ж.ылы кескин алдыга жылган, мындай жылыштар 10–11 жылда Күндүн активдүүлүгүнө жараша кайталанып турат. Мөңгүдөн Кызыл-Суунун оң куймасы Көк-Суу башталат. Мөңгү Фергана облусунун губернатору (1876–80-ж.) А. К. Абрамовдун ысмынан аталган.