АБОЛИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:17, 9 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБОЛИН Роберт Иванович (18. 5.1886, Рига – 17. 12. 1942, Чыгыш Сибирь) – орус энциклопедиячысы, топурак таануу жана физ. геогр. б-ча ири адис. Биология жана а. ч. илимд. доктору (1934), проф. (1930). Петербург токой чарба ин-тун бүтүргөн (1913). Ил. ишин 1908-ж. баштаган. 1915-жылдан Түш. Казакстандын чөлдөрүн, Кырг-ндын бийик тоолуу жайыттарын, О. Азиянын геоботаникасын, топурагын, а. ч-н, агроклиматын жана физ. географиясын изилдеген. 1930–37-ж. СССРдеги чөлдөрдү изилдөөнү башкарган. О. Азияда, Казакстанда, Дагстанда ж. б. жерлерде эксперименттик жана комплекстүү стационардык изилдөөлөрдү уюштурган. О. Азия менен Казакстанды табигый жактан райондоштуруп, алардын табигый-чарбалык аймактарын ажыраткан.
Эмг.: Основы естественно-исторического районирования Советской Средней Азии. Таш., 1929; От пустынных степей Прибалхашья до снежных вершин Хантенгри. Л., 1930.