АБДЫКАЛЫКОВ Нурлан

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБДЫКАЛЫКОВ Нурлан (17.8.1965, Нарын обл., Кочкор р-ну, Кочкор айылы – 1989, ошол эле жерде) – спортчу, бокс боюнча СССР спортунун чебери, кыргыз жигиттеринен алгачкы эл аралык класстагы спорт чебери, СССРдин (1984-86), Европанын (1985) чемпиону. КМУнун юридика факультетин бүткөн. Бокс менен 10 жашынан машыккан. Көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болгон.