АББАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:00, 3 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АББАТ (лат. abbas, арамейче «аЬЬо» – ата) – батыш европ. христианчылыкта католик монастырынын, аббатчылыктын башчысынын титулу (аялдар монастырынын башчысы – аббатиса). Алгачкы о. кылымда А-тардын кыйласы ири феодалдарга айланып, чиркөөдө епископтон кийинки орунду ээлешкен. А. – католик чиркөөсүндөгү поптордун жана жогорку дин кызматкерлеринин жалпы аталышын да билдирет.