«БАБУР-НААМА»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:14, 3 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«БАБУР-НААМА»Бабур Захир ад-диндин автобиографиялык жанрдагы жазылган тарыхый чыгармасы. Бабурдун өмүр баяны жана тарыхый окуялар камтылган. Түрк (чагатай) тилинде 1526‒30-ж. жазылган. Ал эмгекте 1493‒1529-ж. Орто Азия, Афганистан, Түндүк Индиядагы маанилүү тарыхый окуялар, ал аймакта жашаган элдердин үрп-адаттарын, салтын, чарбасын ж. б. чагылдырган маанилүү маалыматтар камтылып, тимуриддер менен Мухаммед Шейбанинин ортосундагы Моголстандагы так талашуу үчүн болгон согуштар, аймактагы шаарлардын (Аксыкент, Кабул, Шаш, Бухара ж. б.) көрүнүшү, архитектурасы сүрөттөлүп, Сыр-Дарыя, Жети-Суу боюн мекендеген элдер, Азия менен Индостанды жердеген жаныбарлар тууралуу баяндалган. Ошондой эле Кырг-ндын саясий тарыхына жана тарыхый географиясына байланыштуу маанилүү маалыматтар кездешет. Түш. Кырг-ндын тоолуу аймагын мекендеген чогорок уруусу тууралуу да айтылган. Бабурдун эмгегинде белгилүү окуяга, адамдын кулк-мүнөзү жана сүйүү сезимине арналган, о. эле кээде филос. көз карашта жазылган ырлары да бар. «Тарих-и Рашидинин» автору Мухаммед Хайдар Дуглат тууралуу да кабар кездешет. Бабур дүйнөдөн кайткандан кийин чыгарма фарси, кийинчерээк англис тилине которулган. Чыгарманын кол жазмасын Н. И. Ильминский орус тилине которуп, 1857-ж. Казань ш-нда, 1905-ж. А. С. Бевериже тарабынан Лондондон басылып чыккан. «Б.-н.» англис (1826, 1921), француз (1871, 1985), орус (1943, 1958), түрк (1987), япон (1995, 1996), өзбек (1960), казак (1990, 1993) тилдеринде жарык көргөн. 1990-ж. «Бабур-Нааманын» 460 жылдыгы эл аралык деӊгээлде майрамдалып, Ташкентте «Бабур-нааме жана Чыгыш Ренессансы» деген темада илимий-теориялык конференция өткөрүлгөн.