«АЛТЫ БАКАН»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:21, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

«АЛТЫ БАКАН»селкинчек оюнунун бир түрү. Көчмөн кыргыз элинин эзелтеден кеңири тараган оюну. Селкинчекти кыз жигиттер жайлоодо, айыл четинде, айдын жарыгында тебишкен. Бакандарды (шыргыйларды) үч-үчтөн бириктирип, башын бууп, 2,5–3 м аралыкта эки жагына орнотот.

«АЛТЫ БАКАН» 4.png

Алты бакандын үстүнө туурасынан устунча бекитилет. Алты баканга үч аркан байланып, селкинчек курулат. Эки аркан бел сүйөгөнгө ылайыктап өйдөрөөк, бир аркан таман (бут) койгонго төмөнүрөөк тартылат (кийинки мезгилде таман арканынын ордуна жеңил тактайлар колдонулуп жүрөт). «Алты бакан» селкинчек тебүү кезек менен улантылат. Оюн-күлкү, тамаша, ыр, бий менен коштолот.