«АЛА-ТОО» -- жүзүм сорту

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:52, 9 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АЛА-ТОО»‒ жүзүм сорту. 1962-ж. Кырг-н дыйканчылык ил.-из ин-тунун илимпоздору жүзүмдүн «катта-курган» жана «карабурну» сортторун чаӊдаштыруу жолу менен чыгарган. Түшүмдүү, гектарынан 300 цге чейин мөмө берет. Мөмөсүнүн канттуулугу 18,5%, кычкылдуулугу 3,8. Шиӊгилинин салм. 350‒600 г. Мөмөсү даамдуу, жумшак, түсү саргыч, сулпу нык келип, жегиликтүү.