«АКИпресс»
«АКИпресс» (AKIpress) – маалымат таркатуу иштерин жүргүзүүчү компания. 1993‑жылы уюштурулган. Ал: «АКИпресс» маалымат агентчилиги, «АКИпресс» – Фергана (Тажикстан, Өзбекстан), «АКИпресс»-Казакстан, «АКИпресс» талдоо (аналитикалык) журналы, АКИ – «Жёлтые страницы» («Сары барактар»), «АКИпресс» басма сөз борборлору жана жаштардын «Лимон» гезити деп аталган беш тармактан түзүлгөн. «АКИпресс» маалымат агентчилиги 2000‑жылы негизделген. Бүгүнкү күндө КРдин глобалдык Интернет системасында иштеген көз каранды эмес биринчи массалык‑маалымат каражаты болуп саналат. Анын кызматынан азыркы учурда Кыргызстандын басма сөз жана электрондук маалымдоо каражаттарынын көпчүлүгү, мындан сырткары, Борбордук Азия, КМШ, Европа жана Америка өлкөлөрү (Ассошиэйтед Пресс, Рейтер, Франс Пресс, Интерфакс, ИТАР ТАСС, РИА «Новости», маалымдоо агентчиликтери, «Азаттык», «Би‑би-си» радиосу жана башкалар) кеңири пайдаланат.
М. Молдалиева.