«АВТОМАШ-ЭКОЛ»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:52, 3 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АВТОМАШ-ЭКОЛ» ‒ жабык акционердик коом (1997). «Кыргызавтомаш» акционердик коому менен «Уkol Akumulator Sanaii ve ticaret limited sirketi» Түркия фирмасынын ортосундагы макулдашылган келишимдин негизинде уюшулган. Автомобиль жана тракторлор үчүн коргошун-кислоталуу стартердин, аккумулятордун батареяларын жасап чыгарат. Жылдык кубаттуулугу 25 000 аккумулятор батареяларын жасап чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Эл аралык көргөзмө -ярмаркаларда ишкананын продукциясы бир нече жолу Алтын медаль менен сыйланган.