АСМАН КООРДИНАТАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:42, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСМАН КООРДИНАТАЛРЫ - асмандагы жарык чыгаруучулардын (телолордун) абалын аныктоочу сандар. Асман сферасындагы негизги тегеректер, ага байланышкан сызыктар жана чекиттерге салыштырмалуу аныкталат. А. к-нын бир нече сфералык ‒ горизонттук, экватордук, эклиптикалык жана галактикалык системалары пайдаланылат. Горизонталдык системада негизги тегерек катары ‒ матем. же чыныгы горизонт, уюл катарында байкоочу орундун зенити пайдаланылат. Экватордук системада негизги тегерек катары асман экватору, уюл катары дүйнөлүк уюл алынат. Бул системалар сфералык координаталарда кеӊири колдонулат.