АСКЕР ШАЙМАНДАРЫ
Jump to navigation
Jump to search
АСКЕР ШАЙМАНДАРЫ — аскер кызматчыларынын жарак-жабдыктарын салып жүрүүгө арналган буюмдардын комплектиси. А. ш-на: бел кур, ийин кур, граната жана автоматтын огун салуучу сумка, фляга жана күрөк кап, мээлей, буюм мүшөгү, талаа сумкасы, тапанча кабы ж. б. кирет. Офицерлер менен сержанттар жана жоокерлердин А. ш-нда айырмачылыктар бар.
Э. Ы. Кадыров.