АСКЕР ТОПОГРАФТАРЫ ЧОКУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:41, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСКЕР ТОПОГРАФТАРЫ ЧОКУСУ– Какшаал жана Меридиан тоолорунун кошулган жеринен орун алган пирамида тибиндеги чоку. Бийикт. 6873 м. Сланец, акиташ теги, мрамор жана гранит тоо тектеринен турат. Түн. жана түн.-чыгыш капталдарында Түш. Эңилчек, батышында Жылдызча, түштүгүндө (Кытай тарабында) Темир-Суу мөңгүлөрү жатат. 1943-ж. сентябрда П. Н. Рапасов жетекчилик кылган аскер топографтары бийиктигин аныктаган. Чокуга 1-болуп 1965-ж. 15-августа Казакстан альпинисттер клубунун мүчөлөрү чыккан.