АСКЕР СОТТОРУ
Jump to navigation
Jump to search
АСКЕР СОТТОРУ– аскер кызматкерлеринин укуктук корголушун, аскер кызматчысынын статусуна ээ жарандардын, о. эле аскер кызматчыларынын, аскердик башкаруу органдарынын, аскердик кызматкерлердин аракеттеринен (аракетсиздигинен) жана алар кабыл алган чечимдердин натыйжасында бузулган же талашка түшкөн укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо б-ча жарандык иштерди кароочу мамл. орган. А. с. аскер кызматчылары, о. эле аскерге милдеттүүлөр тарабынан жасалган кылмыш иштерин да карайт. А. с. КРдин Аскер сотунан жана гарнизондордун аскер сотунан турат. Гарнизондордун Аскер соттору биринчи инстанциядагы соттор, КРдин Аскер соту – экинчи инстанциядагы сот болуп эсептелет.