АСКЕР БӨЛҮГҮ
Jump to navigation
Jump to search
АСКЕР БӨЛҮГҮ– куралдуу күчтөрдүн бардык аскер түрлөрүндөгү өз алдынча күжүрмөн, адм.чарбалык бирдик (полк, I-, 2- жана 3-рангадагы
кеме, батальон, дивизион, эскадрилья, рота). А. б. өзүнүн башкаруу органынан, күжүрмөн, атайын жана тылдык бөлүкчөлөрдөн турат. Анын
туруктуу аты (мис, 3-танкалык полк) же шарттуу аталышы (мис., 5555 аскер бөлүгү), номери, туусу болот. Тынчтык күндөрүндө А. б. – жеке
курамындагыларга күжүрмөн тапшырмаларды берүүгө, теориялык окууларды өткөрүүгө ылайыкталган тактикалык жана өз алдынча уюмдашкан аскерлердин бир тобу.