АСАНКУЛОВА Эльвира Керезбековна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСАНКУЛОВА Эльвира Керезбековна (2. 6. 1962-ж. т., Чүй обл., Ысык-Ата р-ну, Сын-Таш айылы) – опера ырчысы (колоратуралык сопрано), КРдин эл артисти (2003). 1970-ж. М. Абдраев атындагы республикалык музыкалык мектеп-интернатын, М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайынын фортепьяно классын бүтүргөн, 1989–93-ж.

АСАНКУЛОВА 76.png


Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда окутан. 1993-жылдан А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера ж-a балет театрынын ырчысы. 1996–97-ж. Италиянын Кальи шаарында Марьо Дель Монако академиясында ырдоо билимин өркүндөткөн. Дж. Вердинин

Риголеттосунан» Жильданын, «Травиатасынан» Виолеттанын, Россининин «Севильялык чач тарачынан» Розинанын, В. А. Моцарттын «Сыйкырдуу флейтасынан» Түнкү канышанын, Ж. Kaныметовдун «Ак Мөөрүнөн» Ак Мөөрдүн ж. б. ролдорду аткарган. Башкы партияларды ырдоо м-н дүйнөлүк, орус, кыргыз композиторлорунун арияларынан үзүндүлөрдү, романстарды, ырларды да жогорку чеберчиликте аткарган.