АРПАДДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:33, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРПАДДАР, Арпадовичтер – венгр княздарынын (889–1000), кийинчерээк королдорунун (1001–1301) династиясы. Арпад негиздеген (889–907) А. династиясы Венгрияда феодалдык мамилелер калыптанган учурда жана 13- к-дын орто ченинен башталган феодалдык бытырандылык мезгилинде бийлик жүргүзгөн. А-дан 5 князь жана 20 король чыккан. Алардын белгилүүлөрү: Иштван I (Ыйык), Ласло I (1060–63), Бела IV (1235–70).