АКУСТИКАЛЫК ИМПЕДАНС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:49, 25 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(лат. Impedite ‒ тоскоолдук кылуу, каршы болуу) — үн басымынын интенсивдүүлүгүнүн чөйрөнүн (жыштыгынын белгилүү бир тилкесиндеги) толук каршылыгына болгон катышы м-н аныкталуучу комплекстүү каршылык. А. и. ‒ Я=R+iX түрүндөгү комплекстүү сан. R ‒ активдүү акустикалык каршылык деп аталган системанын үн чыгаруудагы сарпталган энергиясы м-н байланышкан; i - комплекстик сан, ал эми Х болсо, реактивдүү акустикалык каршылык деп аталган чөйрөнүн инерциялык же серпилгич күчтөрүнүн реакциясы м-н байланышкан. СИде акустикалык каршылык Па Мс/м3 м-н («акустикалык Ом» деп аталат) өлчөнөт. А. и. түшүнүгү акустикалык системалардын термелүүлөрүн изилдөөдө киргизилген. Акустикалык ченөөлөрдө басым, интенсивдүүлүк, жыштык, таралуу ылдамдыгы, басаӊдоо коэфф-и ж. б. мүнөздөмөлөр пайдаланылат. Үн таратуучу системаларда п. а. к. А. и-ка көз каранды, ал эми үн кабыл алгычтарда А. и. чөйрөгө туура келүү шартын аныктайт.