АРКАН
АРКАН– койдун кылчык жүнүнө жылкынын жал-куйругунан, эчкинин, топоздун кылынан кошуп, үч эшим менен чыйратылып жасалган жоон жип. Аны эшүүдө алгач жүндүн кылы таралып, түйдөктөлөт. Эшилүүчү жиптер үч катталып, оңго чыйратылат да, толгоосу солго имерилет. Үч адам чыйратып, бирөө эшилип жаткан арканды толгойт. Ap бир кулач А. эшкенде, ал болжол менен жарым кулачка кыскарат. Жердиги б-ча к ы л А. (жылкынын куйрук-жалынан бир аз кылчык жүн аралаштырылып эшилет), жүн А. (койдун, эчкинин жүнүнөн эшилет) деп бөлүнөт. Кийин кыргыз турмушунда к е н д и р А. (өсүмдүк буласынан), з ы м А. (металл), өзгөчө синтетика А. кеңири пайдаланылып калды. Күндөлүк тиричиликте мал аркандоодо, козу-улактарды көгөндөөдө, кулундарды желеге байлоодо, буюмдарды таңууда, боз үйдү унаага артууда, аркан тартмай, алты бакан ж. б. улуттук оюн-зооктордо да колдонулат. Кээде А. катары чылбыр да пайдаланылат.