АРХИТЕКТУРА АКУСТИКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:20, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРХИТЕКТУРА АКУСТИКАСЫакустиканын бир бөлүмү. Ал үн толкундарынын үйдүн ичинде таралышын, чагылышын ж-а жутулушун, чагылган толкундардын сөздөргө ж-а музыкага таасир этишин изилдейт. Архитектура акустикасы имараттардын чоң бөлмөлөрүн долбоорлоодо сөздүн ж-а музыканын жакшы угулуу шартын алдын ала аныктайт. Жабык бөлмөдө үн толкундары кереге, шыптарга тийип кайта чагылат. Ошондуктан угуучуга түз келүүчү үн толкуну м-н бир канча жолу чагылган ж-а өчүүчү, кечигүүчү үн толкундары келет. Негизги үн жоголгондон кийин чагылган толкундардын таасири астында үндүн акырындап өчүү процесси реверберация деп аталат. Үндүн өчүү убактысы (реверберация убактысы) үндүн акустикалык сапатынын негизги белгиси болот. Реверберация убактысы чоң болсо, айтылган сөз ж-а музыка ачыктыгын жоготот. Tyypa эмес салынган залдын ар кайсы жерлеринде уккулуктуулук бирдей болбойт. Электр-акустикалык күчөткүч системалары (ревербератор) м-н бөлмөнүн ичиндеги угууну жакшыртууга болот.