АРИСТОН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:28, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРИСТОН, Престеа – Батыш Африкадагы алтындын ири кени. Гана мамлекетинин Престеа ш-нан 12 км түн.-чыгыш тарапта. 1895-ж. ачылган, 1902-2000-ж. чейин иштетилген, 2003-жылдан жер астынан казып казылып алынууда. Кал­ган запасы 1100 т, кенташтагысы 2,36-3,3 г/г. Төмөнкү протерозойдогу көмүртектүү филлиттерде топтолгон кен көмүртектүү кумдук-сланецтүү формацияга геол. өнөр жайлык типтеги кендерге кирет. Негизги кенташ минералдары: пирит, арсе­нопирит, халькопирит, пирротин. Алтын бүртүкчөлөрү боз кварцтын тарамдарында жана тарамчаларында, майдасы – арсенопириттин бүртүкчөлөрүндө ж. б. кездешет.