АРИСТОКСЕН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:28, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРИСТОКСЕН Тарентский (б. з. ч. 360, Таранто - б.з.ч. 300, Греция, Афины) – байыркы грек философу, Аристотелдин окуучусу, перипатетиктер мектебинин өкүлү. Ал «Гармониянын элементтери», «Ритмиканын элементтери» эмгегинде пифагорчулардын окуусун перипатетиктердин окуусу менен бириктирүүгө, айкалыштырууга аракет кылган, музыка жана ритм ж-дө байыркы спекулятивдик матем. окууну түзгөн. Перипатетиктик методду колдонуу ар­кылуу, көп кылымдар бою иск-вого таасирин тийгизген, музыкага киришүү синтезин түзгөн жана жандын, дененин байланышын муз. гармо­ния, лиранын катыштары менен салыштырган. А.– философтордун таржымалын же пифагор­чулардын чыгармачылыгы тууралуу монографиялардын сериясын түзүүчүлөрдүн бири. Анын көз караштары азыркыга чейин талкууланып келет.