АРИМЖАН
Jump to navigation
Jump to search
АРИМЖАН – Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы кыштак. Сакалды айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Масы кыштагынан 9 км батыш тарапта, Жалал-Абад темир жол бекетинен 57 км аралыкта. Деңиз деңгээлинен 533 м бийиктикте. Калкы 1823 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Май куюучу жай, автомобиль сервиси иштейт. Орто мектеп, ФАП, маданият үйү бар.