АРИАНЧЫЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:27, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРИАНЧЫЛЫК– александриялык поп Арий тарабынан негизделген христиандык диний окуу. Ал (318-ж. чен) расмий түрдө чиркөө жоболоруна каршы чыккан. Кудай уулу Христос Кудай атадан жаралгандыктан, ал түбөлүктүү эмес жана акылмандуулугу б-ча Кудай атага салыштырганда экинчи даражада турат деп далилдеген. Анын тарапкерлери көп болсо да, чиркөө тарабынан көп кысымчылыкка, куугунтуктоого дуушар болгон. Ошондой болсо да А-тын дин окуусу христиан дининде (к. Троица) кудай ата, кудай уулу жана кудай ыйык рух, периште ж-дөгү догматтын чыгышына алып келди.
М. Абдылдаев.