АРЕОМЕТР
Jump to navigation
Jump to search
АРЕОМЕТР (гр. araios – суюк жана метр) – суюктуктун жана борпоң нерселердин тыгыздыгын
өлчөгүч прибор. Иштөөсү Архимед законуна негизделген. Сүрүп чыгарылган суюктуктун көлөмү жана анда калкыган заттын массасы б-ча суюктуктун тыгыздыгы аныкталат. Массасы жана көлөмү турактуу А-лер пайдаланылат.