АРЕАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:26, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРЕАЛ (лат. area – аянт, мейкиндик) – жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн белгилүү түрү, уруусу жана тукумунун жер бетинде таралган аймагы. Андагы түр ошол аймактын бардык жеринен кездешсе – т у т а ш, аймакта түрлөр топ-топ болуп бөлүнүп кездешсе – үзгүлтүктүү А. деп аталат. А-дын аянты ар түрдүү, мис., ай�­рым түрлөр чакан аянтта (тоо чокусу, арал, капчыгай, көл) гана, башкалары өтө кеңири таралып, бир нече материкте, аймакта жашайт. Кээ бир түрлөр (дан өсүмдүктөрү, таранчылар) Жер шарынын бардык булуң-бурчунда таралал­ган. Булар космополиттер деп аталат. Аны үйрөнүү фауна менен флораны аныктоодо чоң мааниге ээ. А-ды изилдөө картага түшүрүү менен жүргүзүлөт.