АРХАИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:36, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРХАИКА (гр. archaikos – эски, байыркы) тарыхый өнүгүштө кандайдыр бир кубулуштун алгачкы этабы. Искусство илиминде байыркы грек архитектурасы менен сүрөт өнөрүнүн алгачкы мезгили (б. з. ч. 7-6-к.). Бул доордо грек архитектурасы, курулушу жана маданияты тез өсүү менен шаар куруу принциптери, турак үйлөрдү жана коомдук имараттарды салуу, көркөм жасалгалоо өнүккөн. Мис., Хеопсанын, Хефрен жана Милесанын зор пирамидалары, Ауксор менен Карнактын жана Афиныдагы Парфенон, Эрехтейон храмдары ж. б. Археологиялык изилдөөлөрдө Кыргызстанда табылган байыркы жана орто кылымга таандык тиричилик, жасалга, курулуш буюмдары да архаикага кирет.