АРГУНЬ
Jump to navigation
Jump to search
АРГУНЬ-- (монголчо ёргун - кенен, жазы) – Россия менен Кытайдагы дарыя; Амур д-нын оң курамы. Уз. 1620 км, алабынын аянты 164 миң км2.
Кытайдагы Чоң Хинган деген ат менен башталат. Көп бөлүгү кенен өрөөн аркылуу агат. Орт. чыгымы 340 мъ/сек. Ноябрдын аягынан майдын башына чейин тоңот. Ол очи станциясынан тартып кез-кезде кеме жүрөт.