АРГИЛЛИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:25, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРГИЛЛИТ (гр. argillos – чопо, lithos – таш) -диагенез жана эпигенез процесстеринде чопонун ныкталып, нымсызданып жана цементтелишинен пайда болгон катуу тоотек. Сууда эзилбегендиги жана катуулугу менен чоподон айырмаланат. Цемент, керамзит, курулуш карапасын алуу материалы катары колдонулат. А-тер көбүнчө көмүр менен нефть кендери бар жерлерде жолукандыктан, жер бетинде алардын жайгашуусун жана таркалышын изилдөөнүн мааниси чоң.оң.