АРАБ ТААНУУ ИЛИМИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:17, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (9)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАБ ТААНУУ ИЛИМИ, а р а б и с т и к а – араб элдеринин тарыхын, экономикасын, тил жана адабиятын, маданиятын, коомдук ой-пикирин изилдөөчү гуманитардык илимдердин жыйындысы. «Арабистика» термини Европада жаңы доордо пайда болгон. Чыгыш өлкөлөрү менен бол­гон соода жана дипломатиялык мамилелердин өнүгүшү араб өлкөлөрүнө болгон кызыгууну пайда кылган. Арабдардын этнографиясы, географиясы, тарыхы, мусулман укугу б-ча араб тилинде жазган авторлордун көп сандаган эмгектери, айрым мамлекеттик ишмерлердин, дин менен маданияттын ири өкүлдөрүнүн таржымалдары изилдөөчүлөрдүн араб дүйнөсүнө болгон илимий кызыгуусун да жого­рулаткан. Батыш Европада араб таануу илими 16-к-дын аягында пайда болот. 17–18-к-да Рим, Париж, Лейден ш. араб таануу илиминин негизги борборлоруна айланган. Араб таануу илими диний үрп-адаттарга тыгыз бай­ланыштуу болгондуктан, Куранга түшүндүрмө берүү үчүн араб тилин үйрөнүү зарылдыгы ке­лип чыккан. 17-к-дын башында голл. филолог Т. Эрпениус араб грамматикасын түзүп, Европа­да араб филологиясына негиз салган. 17-к-да араб тарыхы, географиясы, маданияты б-ча Батыш Европа окумуштуулары жыйнаган үзүндү маалыматтарды Чыгыш өлкөлөрүн изилдөөчүлөр англичан Э. Пококк, француз Б. д’Эрбело жалпылаган. 18-к-да немец арабисти И. Я. Рейске арабистиканын диний окуудан бөлүү зарылдыгын жана Чыгыш өлкөлөрүнүн тарыхын, маданиятын дүйнөлүк тарыхтын жана маданияттын бир бөлүгү деп эсептөөнү талап кылган. 19-к-да батыш европалык өлкөлөрдүн колониялык саясаты араб таануу илиминин өнүгүшүнө түрткү болгон. 19-к-дын аягы - 20-к-дын башында, айрыкча грамматиканын, лексикографиянын жана адабият таануунун өркүндөшүнө Франция, Норвегия, Улуу Британия, Германия, Голландиянын жана Венгриянын бир катар окумуштуулары чоң салым киргизген. 1827-ж. Россияда А. В. Болдыревдин араб грамматикасы жана хрестоматиясы басылып чыккан. Орус А. и-нин өнүгүшүндө X. Д. Френ, Н. А. Медников, П. С. Савельев, В. Р. Розендин да эмгектери зор роль ойногон. Араб филологиясындагы жетишкендиктер Европа жана Чыгыш өлкөлөрүнүн кол жазма фондуларында сакталып жаткан орто кылымдарга тиешелүү жазма даректерди басып чыгарууга ыңгайлуу шарт түзгөн. 19-20-к-да араб тилиндеги тарыхый геогр. эмгектерди жарыялоого, айрымдарын европалык тилдерге которууга батыш европалык көп арабисттер катышкан. Араб тилиндеги мурда басылып чыкпаган жазма даректерди жарыялоо тарыхый изилдөөлөрдүн башталышына да негиз салган. 19-к-дын башында алар негизинен арабдардын жылнаамаларын баяндоо менен чектелген. Бирок 19-к-дын орто ченинен жазма даректерди сын көз менен талдаган (А. Шпренгер, Р. Дози, А. Кремер, Гольдциер ж. б.) эмгектер пайда боло баштаган. Бул эмгектерде ислам дини арабдардын коомдук турмушунун, маданиятынын өнүгүшүн шарттаган негизги фактор ка­тары бааланат. Мындай көз караштар «Ислам энциклопедиясынын» (Лейден, 1908-38, англис, француз, немец жана түрк тилдеринде) 1-басылышынан байкалат. Араб өлкөлөрүнүн коомдук-экон. өнүгүшүнүн маселелери тарыхтын соңку жаңы доорундагы араб таануу илиминде толугураак чагылдырыла баштаган. Бул маселелер б-ча чет өлкөлүк арабисттер Ж. Соваже, Э. Леви-Провансаль, К. Казн, Ж. Берк (Франция), К. Беккер, Г. Кампфмейер (Германия), Д. Деннет, Б. Льюис, С. Лонгриг(Англия), А. Поляк, Д. Айалон (Израиль), А. Наллино, Э. Росси (Италия), Ш. Иссави, Дж. Хейворт-Дэнн (АКШ) ж. б. эм­гектери жарык көргөн. Алардын көз караштары «Ислам энциклопедиясынын» 2-басылышынан орун алган (Лейден – Париж, 1954-1969). Араб таануу илиминин өнүгүшүндө араб окумуштууларынын эмгектеринин да мааниси зор. Азыр араб историографиясы (Рашид аль-Баррави, Абдаррахман ар-Рафии, Мухаммед Сабри ж. б.) колониализмге каршы багытталып отурат. Революцияга чейинки орус А. и-нин жакшы салттары сов. изилил­дөөчүлөр И. Ю. Крачковский, В. В. Бартольд, А. Е. Крымский, Е. А. Беляев, Н. В. Пигулевская, А. Ю. Якубовский, И. П. Петрушевский ж. б.), тарабынан улантылган. араб таануу илиминин проблемалары Москвадагы Чыгыш өлкөлөрүнүн институтунда, Африка институтунда, Россия ИАнын Этно­графия, Философия институттарында, Азербайжандын, Грузиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын ИАларында изилденүүдө. Арабисттер Москва, Санкт-Петербург, Баку, Ташкент, Лейден, Па­риж, Оксфорд, Кембридж, Гарвард ж. б. ш-лардагы университеттерде даярдалат. Ч. Жумагулов.