АРВАД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:24, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРВАД – Түн. Финикиядагы байыркы шаар-мамлекет. Жер ортолук деңизинин чыгыш жээгиндеги аралда жайгашкан. Сириянын Тартус ш-нан 3,5 км жана Триполиден 47 км түндүктө. Шаар б. з. ч. 3-миң жылдыктын биринчи жарымында ханааней уруулары же арвадиддер тарабынан негизделген. Б. з. ч. 2-миң жылдыкта финикиялык ири шаар-мамлекеттердин бири болгон. Селевкиддер мамлекетинин падышасы Антиох I Сотер шаарды өзүнүн атасы же чоң атасы Селевка I Никатордун урматына Пиерия Антиохиясы деп өзгөрткөн. Б. з. ч. 15-к-дын башында Египет булактарында, б. з. ч. I миң жылдыктын башында ассирия-вавилон шынаа тексттеринде эскерилгендей, А. деңиз саякатчыларынын жана соодагерлеринин маанилүү борбору, о. эле чет өлкөлүк басып алуулардан качкан адамдарга баш калкалоочу жай катары эсептелген. Б. з. ч. 14-к-да А. хеттер менен союздашып, Египетке каршы турган. Б. з. ч. 1100-ж. ченде Ассирия падышасы Тиглатпаласар Iге салык төлөгөн. Б. з. ч. 853-ж. Ассирия падышасы Салманасар IIIгө каршы Каркар согушуна катышкан. Б. з. ч. 734-ж. кайрадан Ассирияга, 604-ж. Жаңы Вавилон падышалыгынын падышасы Навуходоносор IIге баш ийген. Б. з. ч. 5-к-дын аягынан шаар өзүнүн монетасын чыгарган. Б. з. ч. 500–499-ж-дагы грек-перс согуштарында Персияны колдогон. Эллиндик жана римдик доорлордо А. көз карандысыздыкка ээ болгон. Аны Рим-Византия мурасчысы башкарган. О. кылымдарда Византиянын кулашына байланыштуу А. кресттүүлөргө баш ийген. 1302-жылдан мусулмандарга багынып берген. А. тургундары балык уулоочулук менен белгилүү.