АРАШАН КАПЧЫГАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:23, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАШАН КАПЧЫГАЙЫ-- Тескей Ала-Тоонун түн. капталында. Арашан суусу аккан багытта түштүктөн түндүккө карай 30-33 кмге созулат.

Алтын-Арашандын тушу.

Таманынын жазы жери 2–3 км, кууш жери 500– 800 м, деңиз деңг. бийикт. 2300–2700 м. Өрөөн байыркы мөңгүнүн аракетинен, суу эрозиясынан жана үбөлөнүүдөн пайда болгон. Жогорку бөлүгү төрлүү (трог) келип, байыркы мөңгүнүн мореналарынан турат. Ортонку жана төмөнкү бө­лүгү кууш, V формасында. Таманында жана тоо капталдарында карагай токойлорунун ири мас­сивдери бар. Шалбаалуу талаа, бийик чөптүү шалбаа зоналары басымдуу. Минералдуу ысык булактар чыгат. Балдардын Ак-Суу санаторийи бар. Жайкы жайыт. Ил., окуу-тарбиялык жана рекреациялык мааниси чоң.