АРАФАТ ЯСИР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:23, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАФАТ ЯСИР, Абу А м а р (24. 8. 1929, Иерусалим – 11. 11. 2004, Париж) – мамл. жана саясий ишмер; Палестиналык арабдардын боштондук кыймылынын лидери, Палестина Улуттук кеңешинин төрагасы, Палестина автономиясынын башчысы (1996–2004). Каир ун-тетинде билим алган. Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылынын (Фатх) негиздөөчүсү жана жетекчиси (1968). 1969-жылдан Палестинаны боштондукка чыгаруу Уюмунун Аткаруу комитетинин төрагасы, 1971-жылдан Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылынын куралдуу күчтөрүнүн Жогорку башкы командачысы. 1989-ж. Улуттук Советтин сессиясында Палестина мамлекетинин президенти деп жарыяланган. Израилге каршы террордук ыкма менен күрөш жүргүзүүдөн баш тартып, Израиль тарабынан басып алынган араб жерлеринде интифаданы-куралсыз каршылык көрсөтүү кыймылын жарыялаган. Анын жыйынтыгында 1993-ж. Израиль менен Палестина өкмөтүнүн ортосунда тынчтык макулдашуусуна кол коюлган. Жакынкы Чыгышта тынчтыкты орнотууга кошкон салымы үчүн Нобель сыйлыгы ыйгарылган (1994).

АРАФАТ ЯСИР 43.png