АРСЫГУЛОВА Жумакалый

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:34, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРСЫГУЛОВА Жумакалый (1922, Чүй обл., Coкулук р-ну, Төш-Булак айылы – 1948, Фрунзе) – туңгуч балет бийчиси. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1945). Алгач медициналык окуу жайда, 1934-ж. Ленинграддагы хореографиялык окуу жайында окуган. 1939-ж. Москвада өткөн кыргыз искусствосунун он күндүгүнө катышкан. 1941-ж. Улуу Ата Мекендик согуш башталгандыктан, Фрунзеге келип, Кыргыз музыкалык театрында (азыркы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында)
иштей баштаган. Балетмейстер В. Козлов койгон А. Крейндин «Лауренсия» балетинде башкы партияны, М. Раухвергердин «Чолпон» балетинде Айдайды аткарган. М. Күрөңкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык хореографиялык окуу жайында педагог болуп иштеген. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Ж. Арсыгулова – Лауренсия. «Лауренсия» балети (1946).