АРМАН КҮҮЛӨР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:31, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРМАН КҮҮЛӨР – кыргыздын музыкалык фольклорунда ж-a комуз музыкасында кеңири өнүккөн жанрдын бири. Арман күүлөрүндө негизинен кыргыз элинин өткөн замандагы кайгы-муңу, кедей, жетим-жесирлердин оор турмушу баяндалат. Koмузда арман күү жөнөкөй кайрыктардан тартып кеңири масштабдуу классикалык күүлөргө чейин өскөн (мис., «Көкөй кести», «Кыздын арманы», «Арман күү», «Жетим баланын арманы», «Музоокенин мундуу күү» ж. б.). Айрым арман күүлөр автордун ысымы менен кошо айтылат: «Абактын арманы», «Арстанбектин арманы», «Серкебайдын арманы» ж. б. Ботойлор, шыңгырамалар, кербездер, камбаркандар ж. б. арман деген аныктама менен коштолуп чертилүүсү мүмкүн (мис., «Арман кербез», «Армандуу ботой», «Арман шыңгырама» ж. б.). Арман күүлөрдүн өзүнө тийиштүү толгоосу, чертүү чеги ж-a ыкмалары болот.