АРАЛЫКТАН ОКУТУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:21, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАЛЫКТАН ОКУТУУ – азыркы учурда санариптештирүү дооруна ылайык байланыш техникасынын жетишкендиктерин пайдалануу, т. а. интернет аркылуу окуучуларга аралыктан үзгүлтүксүз билим берүү. Дистанттык окуу, интерактивдүү режимде эки же андан көп адамдын, эки же андан көп жерден бири бири менен байланышы. Аралыктан окуу билим берүүнүн эффективдүү жана сапаттуу чөйрөсү болуп саналат. Интернет аралыктан окууда эң керек болгон абдан көлөмдүү жана маанилүү ресурс болуп эсептелет. Бул негизинен күндүзгү окутуу учурундагыдай эле мугалимдин окуучу менен бол­гон байланышын камсыз кылат.