АЛУНИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:34, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛУНИТ [фр. alun, лат. alumen – (квасцы) ачык таш] – татаал сульфаттар тобуна кирүүчү минерал. Хим. формуласы КА1з[80.ф(0Н)б. Тригон сингониясында кристаллданат. Өңү ак келип, кээде ага бозомук же саргыч жана кызгылт түстөр кошумчаланып турат. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 3,5-4, тыгыздыгы 2820 кг/мз. С. салм. 2,58-2,75. Калийлүү талаа шпатынан турган жанар тоо тектерине күкүрт кычкылдуу гидротермдик эриндилеринин жана алюминий оксидине бай тоо тектерге жер бетиндеги сульфаттуу суулардын тийгизген таасиринен пайда болот. А-түү тоо тектерден алюминий оксиди, калий туздары ж. б. алынат. Негизги компоненти А. кенташы (рудасы).�ы).