АРАК
АРАК – таза этил спиртинин суу менен аралашмасынан турган алкоголдук ичкилик. Россияда А. 14-к-дын аягында кара буудай, буудай, сулу ж. б-дан чыгарыла баштаган. Кыргыздар да илгери эле кымыздан A-ты (чагырмак) тартуу жолун билишкен. А-тын спирттик көлөмү 40, 50 жана 56% болот. Аны даярдоодо суу менен спирттин аралашмасы активдештирилген көмүрдөн өткөрүлүп, чыпкаланат. Жыттуу чөп, дандан, тамыры жемиш өсүмдүктөрдөн жана татымдуу заттардан даярдалган шире кошулганда, (жалбыз, анис, калемпир ж. б.) ар түрдүү тундурмалар (настойка) даярдалат. А-тын башка түрлөрү ачыткан таттуу суюктуктарды буулантуу жолу менен жүзүм ширесинен (жүзүм А-гы), чие ширесинен (чие А-гы) алынат. Бал камыштын ачыган ширесин буулантуу менен ром алынат. Коньяк, виски да А-тын түрүнө кирет.