АРАВАН РАЙОНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:42, 2 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАВАН РАЙОНУ– Ош обл-ндагы адм.-айм.бирдик. Район 1935-ж. уюшулган. Ал обл-тун түн.-батышында жайгашып, түндүгүнөн ж-а түн.-батышынан Өзбекстан, түштүгүнөн ж-а

түш.-батышынан Ноокат, чыгышынан Кара Суу р-ндору м-н чектешет. Аянты 620 км2 (облустун аймагынын 2,1%). Калкы 116,6 миң (2020). Район 8 айыл округуна бөлүнүп, 48 кыштагы бар. Борбору – Араван кыштагы.
Район Фергана өрөөнүнөн орун алган. Аймагы адырлуу. Түн. бөлүгү деңиз деңг. 500–700 м, түштүгү 700–1500 м бийиктикте. Курулуш материалдарынын кени бар. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы –2..–3°С, июлдуку 28°С. Жылдык жаан-чачыны 290–300 мм. Ири суусу – Араван-Сай (Ноокат р-нунун аймагында Кыргыз-Ата аталат). Сугатка пайдаланылат. Райондун түн. бөлүгүнөн Түш. Фергана каналы өтөт. Кыртышы боз топурактуу. Аймагынын көп бөлүгү айдалган, айдалбаган түзөң бөлүгү

АРАВАН РАЙОНУ 32.png

шыбак-баялыштуу, адырлар эфемер-шыбактуу келип, жарым чөлгө мүнөздүү өсүмдүктөр өсөт. Райондун аймагында обл-тун калкынын 9,8% жашайт. Төрөлүүнүн деңгээли 203,0%, өлүм-житим – 5,0%, табигый өсүшү – 18,0% (2003). Кал­кынын 38,9% кыргыздар, 58,8% өзбектер, 0,8% азербайжандар, 0,6% тажиктер, 0,9% башка улуттар. Эмгек жашына чейинкилер 43,8%, эмгек жашындагылар 48,8%, эмгек жашынан өткөндөр 7,4%. Калкынын 98,8% деңиз деңг. 100 м.ге чейинки, 1,2% 2000-2500 м бийиктиктерде отурукташкан.
Араван р-нун экономикасынын негизин дыйканчылык (негизинен пахтачылык) түзөт. Жал­пы жер фондусу 62,0 миң га (2004), а. и. айыл чарбага жарактуу жери 46,4 миң га (жеринин 74,8%). Айдоо аянты 19,1 миң га (анын 15,5 миң гасы сугат жер), 1,1 миң га көп жылдык дарактар, 0,2 миң га чабынды, 25,1 миң га жайыт. Айдоо жердин 3,4 миң гасын пахта, 10,2 миң гасын дан эгиндери (а. и. буудай – 8,4 миң га), 132 гасын тамеки, 1,6 миң гасын жүгөрү, 1,2 миң гасы май алынчу өсүмдүктөр (1,3 мин гасын), жашылча ж. б. ээлейт. Багбанчылык (547 га), жүзүмчүлүк (195 га), жибекчилик өнүккөн. Мал чарбасы жайыттын жетишсиздигинен анча жакшы өнүккөн эмес. Бодо мал, кой-эчки, ж-а жылкы асыралат.Үй куштары багылат.
Ири өнөр жай ишканалары: «Акбула» АК (пахта тазалоочу з-д), нан з-ду, «Элегант» АК, «Тепекоргон-Биримдиги» жоопкерчилиги чектелген ишкана (тигүү ф-касы) кирет. Район жылына миң т пахта буласын (Кыргызстанда өндүрүлгөн буланын 8,0%) даярдайт. Райондо негизинен автомобиль транспорту өнүккөн. Анын аймагынан эл аралык маанидеги Ош – Араван – Мархамат (Өзбекстан) – Кызыл-Кыя, жерг. маанидеги Ош – Ноокат автомобиль жолдору өтөт. Райондо 50 жалпы билим берүүчү мектеп, 4 мектепке чейинки мекемелер, китепканалар (бардыгы 25, а. и. 1 борбордук, 1 балдар үчүн, 23 айылдык) ж-а 1 ра­йондук, 8 айылдык клуб болгон. Райондук 2 участкалык оорукана, 19 ФАП, 15 үй бүлөлүк дарыгерлер тобу ж. б. мед. мекемелер иштейт. Райондук «Достук» гезити кыргызча ж-а өзбекче чыгат.
И. Егембердиев, А. Мырзаев.