АРАБДАРДЫН ЖЕҢИП АЛУУЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:18, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (6), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (12)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАБДАРДЫН ЖЕҢИП АЛУУЛАРЫ– Араб ж. а-ндагы уруулар көтөрүлүшүн (632–633) басып, халифат түзгөн соң, Медина өкмөтү баштаган жортуулдар. Бул арабдардын Жакынкы жана Орто Чыгышты, Түн. Африканы жана Түш.Батыш Европаны багындыруу менен аяктаган. А. ж. а. ислам дининин урааны астында жүргүзүлгөн жана анын 1-этабы 7-к-дын 30–50-ж. халифтер Абу Бекр (632–634), Омар (634–644) жана Осмондун (644–656) учурунда болгон. Алардын башчылыгы менен араб аскерлери жортуул жасап, Аравия ж. а-нан Аму-Дарыясына чейинки жерлерди багындырган. Мис., 633–640-ж. Палести­на жана Сирияны, 633–652-ж. бүткүл Сасаниддер мамлекетин (Аму-Дарыяга чейин) каратышкан. Арабдар 640–654-ж. Армения менен Грузияны, 639–646-ж. Түн. Африканын көп жерлерин, 648-ж. Кипрди басып алышкан. А. ж. а-нын 2-этабы 7-к-дын аягында башталган. Алар 709- ж. чейин бүткүл Түн. Африканы ээлеп, андан ары Танжерге жана Атлантика океанынын жээктерине чейин барышат. 711-ж. Тарик жетектеген арабдардын жана берберлердин аскерле­ри Пиреней ж. а-на жетип, узак кармашуулардан кийин Кордова, Толедо ж. б. ш-ын басып алып, 718-ж. Пиреней ж. а. толук арабдардын колуна өткөн. Алар 720-ж. Галлияны басып кирип, Септиманияны жана Нарбоннду баш ийдиришет. Арабдардын Европага жапырыгын жана жортуулдарын франктардын атчан аскер­лери жана Карл Мартеллдин жөө аскерлери Пуатьенин алдындагы салгылашуудан кийин токтоткон. 759-ж. Кодоо Пипиндин аскери Нарбонн менен Септиманияны ээлеп алгандан кийин А. ж. а. биротоло токтойт. Чыгышта арабдар 706–712-ж. Согд менен Хорезмди, 711–713-ж. ирандык Мекран провинциясын баш ийдиришет. 8-к-дын 1-жарымында Закавказьени, 9-к-дын 1-жарымында Крит, Мальта, Сицилияны каратышат. 9-к-дын 2-жарымынан А. ж. а. негизи­нен токтойт. А. ж. а-нын натыйжасында бир катар каратылган өлкөлөрдүн калкы арабдаштырылган. Араб тили, дини, материалдык жана рухий мад-тынын көп элементтери аларга баш ийген өлкөлөрдүн элдерине чоң таасир тийгиз­ген. Ошону менен катар арабдар өзү басып алган элдердин мад-тынын көп жактарын сиңирип алышып, араб маданиятынын өзгөчө бир тармагын түзүшкөн. О. Азия, Иранда, Закавказьеде жана Пиреней ж. а-да арабдардын үстөмдүгү ошол өлкөлөрдөгү элдердин боштондук күрөшүнүн натыйжасында жоюлган.