АРАБАЕВ Автандил Анисович
АРАБАЕВ Автандил Анисович (11. 8. 1962-ж.т., азыркы Жалал-Абад обл., Жалал-Абад ш.) – юрист, юридика илимд. доктору (2008), проф. КРдин эмгек сиңирген юристи (2009). Жалал-Абад пед. окуу жайын (1981), Фрунзедеги Орус тили жана адабияты пед. ин-тун (1986), КМУнун Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу ин-тун (2000), Казакстан Респ-нын УИА-сынын Мамлекет жана укук ин-тунун аспирантурасын (2001) бүткөн. 1986–2018-ж. Фрунзедеги Орус тили жана адабияты пед. ин-тунда, Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясында, КМЮАнын Мыйзамдуулук жана салыштырмалуу укуктук изилдөө ин-тунда, Кыргыз-Казак юрид. жана мамл. кызмат академиясында, Ж. Баласагын атн. КМУнун Юрид. ин-тунда окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор, кафедра башчысы, директор, КР ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынынын Аппаратында улук консультант, сектор башчысы, эл аралык иштер, парламенттер аралык байланыш жана протокол бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 2018-жылдан ЖАМУда юрид. ф-ттин деканы, проф. «Укук жана саясат» ил.-методикалык журналынын башкы редактору. 2007-ж. КР ЖКнын депутаты (IV чакырылышы) болуп шайланган.