АРАБАЕВ Эркин Ишеналиевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:18, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАБАЕВ Эркин Ишеналиевич (10. 8. 1924, Жалал-Абад обл., Жалал-Абад ш. – 23. 3. 1995, Бишкек) – экономист. Экономика илимд. кан­ дидаты (1956), проф. (1968), Кыргыз ССРинин эмг. сиң. экономисти (1974). 1943-46-ж. комсомолдун Ак-Талая райкомунун секретары, эмгекчилер депутаттарынын Кочкор райаткомунун жооптуу кызматкери, 1952-ж. К. И. Тимирязев атн. Москва айыл чарба академиясын, ошол эле жерден аспирантураны бүтүрүп (1955), кийин анда окутуучу болуп иштеген. 1959-62-ж. Кыр­гыз ССР ИАсынын экономика ин-тунда дирек­тордун орун басары, 1962-79-ж. К. И. Скрябин атн. АЧИнин ректору, 1984-жылдан кафедра башчысы, экономика б-ча КИИИнде директорго орун басар, ЖОЖдордо окутуучу болуп иш­теген. Анын а. ч-сын уюштуруу маселелерине жана экономикасына байланыштуу 70тен ашык ил. эмгеги жарыяланган. Кыргыз ССР Жогор­ку Советинин үч жолку депутаты (1967-80). Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.