АРАБ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ЛИГАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:18, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАБ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ЛИГАСЫ, ж а м и а т а д-д у у а л ал ь-а р а б и я – араб мамлекеттеринин өз ара карым-катнашын чыңдоо, саясий аракеттерин координациялоо, көз каранды эместигин, суверенитетин жана жалпы эле араб өлкөлөрүнүн таламдарын коргоо максатында түзүлгөн уюм (22. 3. 1945, Каир). Анын мүчөлөрү: Египет, Ирак, Сирия, Ливан, Иордания, Сауд Аравиясы, Кувейт, Катар, Бахрейн, Оман, Бириккен Араб Эмираттары, Йемен, Ливия, Су­дан, Алжир, Тунис, Марокко, Мавритания, Со­мали, Жибути жана Палестина автономиясы. Уюмдун жогорку органы – Лиганын Кеңеши (ага уюмга мүчө мамлекеттердин мамлекет башчылары, премьер-министрлери же ыйгарымдуу өкүлдөрү кирет), аткаруу органы – Генералдык секретариат. Штаб-квартирасы – Каир ш-нда жайгашкан. Расмий тили – араб тили.