АРАБ ХАЛИФАТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:17, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (8)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАБ ХАЛИФАТЫ– халифтер (орун басар) башкарган араб-мусулман мамлекеттеринин Европа элдериндеги аталышы. А. х. 7-к-дын башында Мухаммед Батыш Аравияда түзгөн мусулман жамаатынын (Умма Мухаммадийа) негизинде түзүлүп, алгачкы халифтер Абу Бекр (632–634), Омар (634–644), Осмон (644–656) жана Али ибн Абу Талиб (656–661) мусулман жа­маатынын эрки менен шайланышкан. Алар бийлик жүргүзгөн мезгилдерде А. х. ири империяга айланган. Халифаттын алгачкы борбору Меди­на ш. болгон. Арабдардын жеңип алууларынын натыйжасында А. х-тынын курамына Араб ж. а-нан тартып Ирак, Иран, О. Азия, Сирия, Палестина, Египет, Түн. Африканын, Закавка­зье менен Пиреней ж. а-нын көп бөлүгү, Синдди камтыган кеңири аймактар каратылган. Төртүнчү халиф Алинин өлүмүнөн кийин халифатта бийлик Омеяддар династиясынын өкүлү Муавияга өтөт. Ушундан тарта халифти шайлоо жолу менен бийликке келүүсү токтотулуп, династиялык башкаруу орнотулат. Муавия өлкөнүн борборун Дамаскка көчүрөт. 685-ж. бийликке келген халиф Абд ал-Маликтин тушунда араб тили халифаттын расмий тилине айланып, анын курамындагы мамлекеттерде иш кагаздары араб тилинде жүргүзүлө баштаган. Мамлекеттин аймагынын чоңдугунан халифаттын курамына кирген облустар халиф тарабынан дайындалган атайын өкүлдөр тарабынан башкарылган жана халифтерге мыкты кызмат өтөгөн айрым провинциялардын башкаруучулары да бийликти мурастоого укук алышкан. Кээ бир аймактарда диний жана этникалык карама-каршылыктар сепаратизмдин башталышына шарт түзүп, бийлик жерг. эмирлер менен султандардын колуна өткөн жана Тунисте, Египетте, Чыгыш Африкада жана О. Азияда жерг. династиялардын түзүлүшүнө алып келген (Сасаниддер, Тулуниддер, Тахириддер, Аглабиддер, Саманиддер, Буиддер ж. б.). Омеяддардын бийлиги ич ара чатактардын натыйжасында кулатылып, 750-ж. Абу Муслим жетектеген козголоңдун натыйжа­сында Омеяддардын акыркы башкаруучусу Мерва II өлтүрүлүп, принц Абд ар-Рахман Андалуска (Испания) качып кетип, ал жакта Кордова эмиратын негиздеген. Бийликке келген Аб-ульАббас Саффах Аббасиддер династиясын негиз­деген. 929-ж. Испаниядагы Омеяддардын акыр­кы өкүлү Абд ар-Рахман III өзүн халиф деп жарыялап, Кордованы халифаттын борбору деп жарыялаган. Ошентип, Омеяддардын Кордова жана Аббасиддердин Багдад халифаттарынын ар бири ислам дүйнөсүндө мыйзамдуу жогорку бий­ликке ээ болууга аракеттенген. 972-ж. Фатимиддер династиясынын (909–1171, Түн. Африкада, борбору Каир) негиздөөчүсү Убайдаллах да ха­лиф жана махди титулун алган. Аббасиддер ха­лифаттын борборун Багдадга көчүрүп (айрым ад-ттарда Багдад халифаты деп аталган), алар­дын тушунда А. х-ты Чыгыштагы борборлоштурулган ири державага айланып, Аббасиддер­дин доору – мусулман мамлекеттүүлүгүнүн жана мад-тынын гүлдөгөн мезгили болгон. 1258-ж. Хулагу жетектеген монгол аскерлери Багдадды алып, Аббасиддердин акыркы өкүлү халиф Мустасимди өлтүргөндөн кийин А. х. өз алдынча мам­лекет катары жоюлган. Аббасиддер Египетке ка­чып барып, Каирде башкарышкан. 1517-ж. халифтин укугу Осмон түрктөрүнүн султандарына өткөн.
Ад.: Бартольд В. В., Теоретическая идея и светская власть в мусульманском государстве, в кн.: Соч., т. 6, М., 1966; Беляев Е.' 'А., Арабы, ислам и арабский хали­фат в раннее средневековье, 2 изд., М., 1966; Мец А.,' Мусульманский Ренессанс, пер. с нем., М., 1966; Босворт К. Э. Мусульманские династии, пер. с англ., М., 1971.
А. Орозов.