БАДАМ СЫМАЛ БЕЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:10, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАДАМ СЫМАЛ БЕЗ ‒ лимфа системасынын органы. Ооз көӊдөйү менен кулкунда жайгашкан. Ал организмди оорутуучу микроорганизмден коргоого жана иммунитет пайда кылууга катышат. Анын эӊ ириси ‒ таӊдай бездери. Оозду чоӊ ачканда кичине тилдин эки жагынан көрүнөт. Анда микробдор көп чогулат, сезгенгенде былжыр челдин сыйрылган клеткаларынан, ак кан денечелер ‒ лейкоциттерден жана тамак-аштын майда бөлүкчөлөрүнөн пайда болгон кебер каптайт, к. Ангина. Таӊдай безинин өнөкөт сезгенүүсүндө анын коргоо функциясы бузулуп, организм үчүн коркунучтуу ириӊдетүүчү микробдун чордонуна айланат. Бул учурда жакшылап дарылоо керек; операция жасоону организмдин жеке өзгөчөлүгүнө жараша дарыгер чечет.