АГРОФИЗИКА
, а г р о н о м и я л ы к ф и з ик а (агро... ж-а физика ) ‒ топурак жа өсүмдүктөгү физ. процесстер, өсүмдүк тиричилигиндеги физ. шартты жөнгө салуучу ыкманы, каражатты колдонуу ждөгү илим. Ал бир нече бөлүмдөн турат: топурак физикасы, абанын жерге жакын катмарынын физикасы, өсүмдүк биофизикасы, өсүмдүккө сырткы чөйрөнүн тийгизген таасирин жөнгө салуу ыкмасы жа каражаттары. А. 20кда калыптанган, азыркы табият таануу илимдеринин, айрыкча физика жа биофизика ж. б-дын теор. жетишкендиктери нин негизинде өнүгүүдө. Анын өнүгүшүндө орус окумуштуулары Д. Н. Прянишников, А. Г. Дояренко, Н. А. Качинский, А. Ф. Иоффе чоӊ салым киргизген. А-лык изилдөөлөрдө вегетациялык ж. б. ыкма жа так приборлор (өсүмдүктөгү физиол. процесстерди изилдөө, өсүмдүктүн сырткы чөйрөсүн аныктоо үчүн) колдонулат. Прибордун жардамы мн өсүмдүктөгү биол. процесстер, өсүмдүктүн сырткы чөйрөсүнүн абалы ж. б. ж-дө маалымат алынат. Алынган маалыматтар топуракта ным сактоо, топуракта жылуулук режимин, үрөн себүү ыкмасын жакшыртуу ж. б. үчүн пайдаланылат.