АЙРЫ-ТАМ
Jump to navigation
Jump to search
АЙРЫ-ТАМ - Жалал‑Абад обл‑нун Ала‑Бука р‑ндагы кыштак. Биринчи Май айыл аймагынын борбору. Райондун борбору Ала‑Бука кыш-нан 56 км түш.-батыш тарапта. Наманган темир жол бекетинен 55 км. 1950‑ж. отурукташкан. Деңиз деңг. 830 м бийиктикте. Калкы 4117 (2009). Дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто ж‑a муз. мектеп, бала бакча, мад‑т үйү, эки китепкана, оорукана, амбулатория, спорт комплекси (500 орундуу), дарыкана, тегирмен, май сыгып чыгаруучу цех бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.