АЙРАН-СУУ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ
АЙРАН-СУУ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дарыланууга жана ичүүгө жарамдуу минералдуу суу булактары. Москва р‑нунда, Ак‑Суу кыш‑нан 30 км түштүктө, Ак‑Суу (Жар‑Таш) минералдуу суусунан 3 км түш.-батышта, деңиз деңг. 2500 м бийиктикте. Суу жерг. элге илгертен белгилүү. Алгачкы геол. маалымат 1956‑ж. берилген. Суу аймагын ордовик мезгилинде пайда болгон кумдук, акиташ теги, сланец түзөт. Минералдуу суу булактары түн.-чыгышка карай созулуп жаткан тектон. жаракадан булак түрүндө агып чыгат. Суу муздак (7°-10°С), тунук, жытсыз, кычккыл даамдуу, көмүр кычкыл газдуу (С02500 мг/л). Аз минералдашкан (0,4‑0,6 г/л), курамы гидрокарбонат‑сульфат‑кальций‑магнийлүү. Булактын чыгымы 1 л/сек. Микрокомпоненттерден Ак‑Суу минералдуу суусуна караганда молибден эки эсе көп (0,011 мг/л), фтор 0,35 мг/л. Суусундук катары ичсе болот.