АПШЕРОН ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:56, 2 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПШЕРОН ЖАРЫМ АРАЛЫ (фарсы тилинде аб – суу, ширин — туздуу) Каспий деңизинин батыш жээгинде, Азербайжандын аймагында. Уз. 60 кмге ж-а туурасы 30 кмге чейин, чы­гыш чети Шахов саяңы аталат. Баткактуу дөбөлөр ж-а туюк чуңкурдуктары бар күдүрлүү түздүк. Шор жерлер, туздуу көлдөр, нефть ж-а газ кендери бар. Эфемерлүү жарым чөл өсүмдүктөрү басымдуу (кышында да вегетация жүрөт). Түш.жээгинде Баку ш., түндүгүндө Апшерон курорттор тобу жайгашкан.